Улан Ниязбеков Орусиянын ички иштер министрине "Достук" орденин тапшырды

Бүгүн, 15-июнь күнү Москва шаарында ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда кызматташтыкты бекемдөөдөгү мындан аркы кадамдар талкууланып, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча өздөрүнүн пикирлерин билдиришкен.

Расмий бөлүктүн алдында Владимир Колокольцевге Улан Ниязбеков президент Садыр Жапаровдун атынан мамлекеттик "Достук" орденин тапшырган.

"Биз достук мамилелерди жогору баалайбыз. Кыргызстандын президенти тарабынан сизди биздин өлкөлөрдүн достук мамилелерин бекемдөөгө, укук коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү чыңдоого кошкон салымыңыз үчүн мамлекеттик сыйлык – "Достук" ордени менен сыйлоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Орден элдердин достугунун символу болуп саналат", - деген Улан Ниязбеков.

Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Алсак, баңгизатка каршы күрөш каралды. Эки өлкөнүн ИИМ башчылары баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү чөйрөсүндө каржылык жана материалдык жардам көрсөтүү программасынын биринчи фазасын ишке ашыруунун жыйынтыктарын сүйлөшүштү.

Улан Ниязбеков жалпы багыттагы кылмыштарга бөгөт коюу, бетин ачуу, тергөөдөн жана соттон качкан адамдарды издөө (кылмыш иликтөө, криминалдык полиция) тапшырмаларын аткарган ыкчам кызматтардын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кеңешмесин өткөрүүнү сунуштаган.

Андан сырткары укук коргоо органдарынын башчылары мамлекеттер аралык изделип жаткан адамдарды аныктоо жана кармоо үчүн видео талдоо тутумдарын колдонуу маселелерин талкуулашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан