Жалал-Абад шаарындагы Барпы-Сейил көчөсүн кеңейтүү иши башталды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган көчөнү кеңейтүү үчүн 56 курулуш объектиси бузулат. Учурда алардын бир бөлүгүн бузуу иши жүрүп жатат. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков аталган көчөнүн жашоочуларынан кабар алып, жолду кеңейтүү үчүн бузулган курулуштар үчүн жергиликтүү бюджеттен компенсация төлөнүп берилерин белгиледи.
Шаар мэри жарандарга ыңгайсыздык жаратпоо үчүн курулушту кыска мөөнөттө бүткөрүү тапшырмасын берди.
Белгилей кетсек, Барпы-Сейил көчөсү шаарга унаалар кирип-чыгуучу негизги көчөлөрдүн бири. Быйыл жергиликтүү бюджеттен анын Загорный жана Куркура көчөлөрү менен кесилишкен 450 метр аралыгы кеңейтилет.