Президенттик администрация тарабынан медиа өкүлдөрүнө Баткен облусуна маалыматтык тур уюштурулду. Иш-чаранын максаты облус аймагындагы абал, курула турган имараттар, элдин жашоосу, маанайы, айыл чарбасы тааныштырылды.

Кыргызстан Баткенден башталса, Баткен Сүлүктүдөн башталат. Маалыматтык турдун алкагында журналисттер түрдүү улуттардын өкүлдөрү жашаган Сүлүктү шаарында болушту.

Сүлүктү - Кыргызстандагы эң байыркы шаарлардын бири. Шаар достукка, тарыхый сырларга, маданиятка, интернационалдуулукка бай. 1940-жылы Сүлүктү шаар статусун алган. Ошондон тарта көмүр казып алуу боюнча иштер алдыга жылган. Согуш маалында кенчилер мурдагыдан да эселеген кайрат менен иштей баштайт. Ошондуктан Сүлүктү шаары "Орто Азиянын кочегары" деп аталып калган.
Акыркы беш жылда көмүр казып алуу бир нече эсеге өсүп, 2021-жылы 272,4 миң тоннага жеткен. Бүгүнкү күндө шаарда 38 көмүр шахтасы өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.
Сүлүктү - Кыргызстандагы эң алыс жайгашкан шаарлардын бири. Борборубуз Бишкектен 1050 чакырым, Баткен облусунун борборунан 150 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аянты 1733 гектар, калкынын саны 24 миң 238 адам.
Шаарда гуманитардык-экономикалык институт, педагогикалык колледж, кесиптик лицей, 9 орто мектеп, 1 мектеп-интернат, балдар музыкалык мектеби, өспүрүмдөр спорт мектеби, карылар жана майыптар үйү, 8 балдар бакчасы, маданият үйү, 3 китепкана, 1 оорукана, 3 ФАП жана башка социалдык-коммуналдык объекттер бар.