Былтыр апрель айынын аягында тажиктердин куралдуу кол салуусунан Лейлек районунун Максат айылы эң көп зыянга учураган. Андан бери бир жылдан ашык убакыт өтүп, бүгүнкү күндө айылдагы 84 үй-бүлө жаңы турак үйлөрдө жашап жатат.
Айылдагы жалгыз мектеп дагы кагылышууда жараксыз болуп, ордуна жаңы билим берүү имараты курулду. Андан тышкары милиция пункту, ФАП дагы курулуп, бала бакча толук оңдоодон өтүп ишке кирди.
Белгилей кетсек, Максат айылынын 10 чакырым жолуна асфальт төшөлүп, 7 чакырымдан ашык жол электр жырыгын үнөмдөөчү атайын лампалар менен жарыктандырылды. Учурда жолдун боюндагы тротуарларды куруу иштери аткарылып жатат.
Аталган айылдагы турмуш, зыянга учураган тургундардын бүгүнкү жашоосун сүрөттөр аркылуу чагылдырууну туура көрдүк. Жергиликтүү жашоочулар адаттагыдай эле багбанчылык, дыйканчылык менен алектенип жатыптыр. Аймакка, жабыркагандарга мамлекет тарабынан көңүл бурулуп, тиешелүү жардам берилгени кубандырарын айтышат жашоочулар. Бирок берилген жардамга ичи чыкпай калгандары да жок эмес.
Алардын бири 7 жыл мурда салган үйүнө тажиктер өрт коюп, жалпы аянты 322 чарчы метрди түзгөн турак жайынан ажыраган тургун Рахманберди Рахманбердиев. Ал курулуш каражаттарын саткан дүкөнү дагы өрттөнгөнүн, бүгүнкү күндө ал иштебей турганын белгилейт.
"Мен жубайым, 4 балам жана ата-энем менен чогуу жашайм. Үйүбүздү бардык шарттары менен курганбыз. Тажиктер кол салган биринчи күнү эле үйүбүз күйүп кетти. Үйдөгүлөрдү башка айылга жеткирип келип, аскер кызматкерлери менен айылда болдум. Күйүп жаткан үйлөрүбүздү кырда карап эле туруп калдык...
Азыр биз жашап жаткан турак жай мамлекет тарабынан салынган. Аянты 125 чарчы метр. Менин мурдагы үйүм менен аянты жагынан чоң айырма бар. Өкмөттөн калган зыянды толуктап бергиле десек 150 миң сом бөлүнгөнүн, ошого бүтүрүп алуубузду айтышты. Азыр ал акчага жарыган курулуш каражатын ала албайсың. Баарына бирдей үй салынды, кээ бирлери үйүнүн аянты чоң экенин айтып, арыздангандарга кошумча времянка салып беришти. Андан тышкары 30 жылдан бери жашабай, турак жайы күйүп кеткендерге деле ушул үйдү салышты. Адилетсиздик болуп жатпайбы. Мага эки үйдүн кереги жок, курулуш каражатын алып берсе өзүм үй куруп алмакмын.
Үй биздин климатка туура келбейт, кышында жылыткычты өчүрсөң эле муздайт, жайында ысып кетет. Башында эле мындай үй бизге туура келбей турганын айткам", - дейт жашоочу.
Жалпысынан аймакты жакшыртуу боюнча бүгүнкү күндө бир топ иштер аткарылууда. Чек араны бекемдеп, ага жакын аймактарга көңүл бурулуп жатканы тынчтандырарын айтышат жергиликтүүлөр.