Баткенде Тажикстан менен чектешкен 70 гектар аянт мөмө-жемиш багы болот (сүрөттөр)

Баткен облусунун чек арага жакын аймактарында ушул күндө бак отургузуу, жаңы конуш түптөө, жол салуу жана башка иштер аткарылууда. Бул аракеттер бош жаткан жерлерди коңшулардын басып алуусунан алдын алып, аймакты жашылдандырууну жана чек арага жакын жашаган тургундардын миграциясын токтотуп, туруктуу отурукташуусун максат кылат.

Баткен облусуна болгон иш сапарда Тажикстан менен чектешкен Лейлек районундагы Майты аймагындагы көчөт отургузуу процессине күбө болдук. Анда 70 гектар талаага израилдик ыкма менен мөмө-жемиштин көчөттөрү отургузулуп жатыптыр. Бул аянтка Европадан алып келинген алма, алмурут, шабдалы жана өрүктүн көчөттөрү отургузулууда.
Майты жергесинде суу маселеси негизги көйгөйлөрдүн бири болгондуктан тамчылатып суугаруу ыкмасы колдонулат. Израилдык ыкма менен отургузулуп жаткан көчөттөр 3 жылдан кийин мөмө берип баштайт.
350дөн ашык жергиликтүү тургун убактылуу иш менен камсыз болушуп, аларга азык-түлүк түрүндө эмгек акы төлөнөт экен. Тагыраагы, 3 кап ун жана 15 литр өсүмдүк майын алышат.
Ошондой эле Максат айылындагы 30 гектар жерге да ушундай эле ыкма менен мөмө-жемиш көчөттөрү отургузулат.
Израилдик ыкма менен көчөттөрдү отургузуу долбооруна 100 миллион сом сарпталган. Анын ичинен 70 миллион сомун Жаратылышты өнүктүрүү фонду каржыласа, 30 миллион сомду мамлекеттик бюджет бөлгөн. Долбоор 5 жылда өзүн актайт деп күтүлүүдө.

Мындан тышкары Майты аймагына жергиликтүү 37 ишкердин демилге колдоосу менен 100 гектар аянтка павлониянын көчөттөрү тигилүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан