Биз социалдык тармакта

Баткенде жүргөн сел бир нече үйдүн огородун каптап, көпүрөлөрдү зыянга учуратты

Баткен облусунун Кадамжай районунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 15-июнда кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандан Кадамжай районунун Охна, Бел айылдарында сел өтүүчү сайынан сел жүргөн.
Охна сайынан жүргөн сел Орозбеков айыл өкмөтүнүн Учкун, Бостон, Кара-Кечүү, Больничная, Жоогесек-Коргон участкаларындагы бетон шакекче менен курулган 7 көпүрөнүн кум-шагылдарын бузуп кеткен.
Ошондой эле Кадамжай-Айдаркен жолундагы унаалар өтүүчү көпүрөнүн жээги, ички чарбалык жолдун 1100 метр аралыгы жана Күлдү, Кош-Дөбө айылдарындагы сел жүрүүчү сайдын жээгинен 700 метр, Пүшкөүт сайынын 400 метр аралыгы зыянга учураган.
Ирилеш айылында 5 турак жайдын огородуна жана 1 турак үйдүн жер төлөсүнө сел суулары кирген.
Кошумча маалымат берилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан