SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман айылынын тургуну кайрылып, айылда медициналык пункт салынып, курулушчулардын тамак-ашына деп акча чогултулуп жатканын билдирген.
Жогорудагы маселе боюнча Акман айыл өкмөтүнүн башчысы Марсел Коконовго кайрылып, төмөндөгүдөй жооп алдык.
Анын билдиргенине караганда, курулушчулардын тамак-ашына айыл элинин демилгеси менен акча чогултулуп жаткан.
"Медициналык пунктту (ФАП) арабдар куруп беребиз, бир гана усталардын тамак-ашын каржылап бергиле деп суранышкан. Эл жыйында курулушчулардын тамак-ашына акча чогултуп беребиз деп демилге көтөрүшкөн экен. Айыл өкмөттүн бюджетинен ага каражат карала элек. Айыл эли, аксакалдар топтолуп тамак-ашын каржылап берүүнү сүйлөшкөн. Иш сапарда болуп, алардын жыйынына катышкан жокмун. Ал жерде 6 курулушчу иштеп жатат. Эч кимди мажбурлоо болгон жок", - деп билдирди ал.
Ошондой эле ал курулуш иштери 2 айдан көп убакытка созуларын кошумчалады.