Кыргызстанда 2-декабрдан 8-декабрга чейин жазуучу Чыңгыз
Айтматовдун 85 жылдыгына карата “Айтматовду окуйбуз” аттуу жумалык өтөт. Иш-чара
«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду менен Гуманитардык
кызматташтык мамлекеттер аралык фонду тарабынан уюштурулууда. Бул тууралуу
аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Жумалыктын негизги максаты – Кыргызстандын бардык аймактарындагы окуучулардын
көңүлүн улуу жазуучунун китептерине буруу, Чыңгыз Айтматовдун сөздөрүнө
аралашуу, анын тереңдигин аңдап-сезүү, анын китептерин окуу аркылуу өз сезимдерин,
окуяларды башынан өткөрүү жана ой жүгүртүү дүйнөсүн байытуу.
Иш-чаранын алкагында китеп окуу республиканын мектептеринде, колледждеринде,
китепканалардын балдар жана өспүрүмдөр залдарында, музейлерде, айылдык
клубдарда, ооруканалардын балдар бөлүмдөрүндө өтөт. Ага Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Орус тили
мугалимдеринин ассоциациясы, өлкөнүн чыгармачыл бирикмелеринин жетекчилери,
Кыргызстан калкынын Ассоциациясы жана башка көптөгөн уюмдар катышат.
Чыңгыз
Айтматовдун чыгармалары Кыргызстанда жашаган улуттардын тилдеринде жаңырат.
«Айтматовду
окуйбуз» жумалыгы Фонддун мурунтан өткөрүлүп келген «Жылдыздар бөбөктөргө китеп
окуйт» долбоорунун чектерин кеңейтет, ал чындыгында эле жалпы республикалык
«китеп окуу сабагы» болуп калды.
Мектептерде Айтматовдун
чыгармаларынан инсценировкалар коюлат. «Биринчи кыргыз радиосу» жана «Достук»
радиоканалдарында Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү мектеп
окуучулары, көркөм окуу боюнча республикалык сынактын лауреаттары окуйт.