Өлкөдөн чыга албайт, банк кызматтарын колдоно албайт. Салык кызматы карызы бар миңден ашык жаранга чектөөлөрдү койду

Салык кызматы карызы бар миңден ашык жаранга бир нече чектөөлөрдү койду. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 1-июнуна карата сот аткаруучулар кызматы салык органдарынын арызынын негизинде жалпы 7 миллиард 683 миллион 9 миң сом суммасында салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы бар 1001 салык төлөөчүгө карата алдын алуу чараларын көрдү.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 251 салык төлөөчү жалпы 42 миллион 3 миң сом суммасында карызын жойду.

100 миң сомдон ашык суммада салык карызы бар деп таанылган жарандарга карата төмөнкүдөй тыюу салуулар колдонулат:

– Өлкөдөн чыгуу;

– Кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча ар кандай аракеттерди көрүү;

– Банктык операцияларды жүргүзүү;

– Карызы бар адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын жана башка паспорттук маалыматтарын өзгөртүү;

– Лотерея утуштарын, акчалай же белек катары алынган башка мүлктөрдү белек, материалдык жардам же мурастоо катары берүү жана башка чаралар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан