Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыкты

Бишкек шаардык соту саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Сот министрдин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасына карата жактоочулардын арызын бүгүн, 16-июнда карап, министрди үй камагына чыгарган.

Белгилей кетсек, 2-июнда министр Алымкадыр Бейшеналиев Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Ага жети кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Президент Башкы прокуратура тарабынан коррупцияга шектелип кармалган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзүлгөнүн билдирген. Андан кийин министр тергөө иштерине байланыштуу убактылуу кызматтан четтетилип, 1 айга СИЗОго камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан