Быйыл мугалимдер канча күндүк эмгек өргүүгө чыгышат? Министрликтин жообу

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы жөнүндө" токтомго кол койду.

Билим берүү министрлигинен маалымдашкандай, өргүүнүн узактыгы мугалимдер жана окутуучулар үчүн 56 күн.

"Билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин социалдык жактан корголушун жогорулатуу үчүн министрлер кабинети менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгын белгиледи. Ага ылайык, өргүүнүн узактыгы мугалимдер жана окутуучулар үчүн 56 күн", - деп жазылат маалыматта.

"Өргүүнүн күндөрү кыскарды", - деген маалыматтар чындыкка дал келбейт!

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан