Баткенде кайра иштетилген өрүктү чет өлкөгө чыгаруучу логистикалык борбор ачылат

Баткен районунун Карабак айылында өрүктү кайра иштетүүчү логистикалык борбор ишке кирет. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Баткен облусуна болгон маалыматтык турда белгилүү болду.

Өрүктү кайра иштетүүчү логистикалык борбор "Адыш-Дан органик" деп аталат. Ишкананын негиздөөчүсү Турсунали Төлөмүшовдун айтымында, кайра иштетилген продукция чет өлкөлүк рынокко чыгат.

"Ишкана 95 пайызга даяр. Учурда электр жарыгын тартуу иштери жүрүп жатат, жакында ишке кирет. Бул жакта өрүктөр кайра иштетилип, Орусия, Япония жана АКШга экспорттолот. Азыркы тапта аталган өлкөлөргө кайра иштетилген продукция жөнөтүлдү. Борбор бир жыл ичинде 1 жарым миллион тонна продукцияны экспортко чыгара алат", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан