Биз социалдык тармакта

Профсоюздар федерациясынын ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлөт

Кыргыз Республикасынын Кесиптик бирликтер федерациясынын ишмердүүлүгүн иликтөө үчүн депуттардан турган комиссия түзүлөт. Бул тууралуу парламенттин жыйынында айтылды.

Ага ылайык, комиссияны түзүү "Ата Журт Кыргызстан", "Ынтымак" партиялары тарабынан демилгеленген.

"Жогорку Кеңешке профсоюздар боюнча өтө көп маселелер келип жатат. Жерлерди иштетүү боюнча, кээ бир курортторду сатуу тууралуу. Аларды иликтеп коомчулукка айтышыбыз керек", - деп билдирди Балбак Түлөбаев.

Комиссиянын курамына депутаттар Айбек Осмонов, Чынгыз Ажибаев, Руслан Жакышов, Балбак Түлөбаев, Алишер Эрбаев, Нилуфар Алимжанова, Замирбек Мамасадыков, Шайлообек Атазов кирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан