Баткенде жергиликтүү тургун милиция бөлүмчөсүнө унаа белек кылды

Айдаркен айылдык милиция бөлүмчөсүнө автоунаа тапшырылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай РИИБдин Р.Нийматов атындагы Айдаркен айылдык милиция бөлүмчөсүнө Айдаркен шаарынын тургуну Гүлдесте Калматова кызматтык колдонуу үчүн ВАЗ2107 үлгүсүндөгү автоунаа тапшырган.

"Жеке ишкер Калматова Айдаркен шаар аймагында коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө милиция кызматкерлеринин аткарган иштери натыйжалуу экендигин, ошондой эле өзгөчө кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү, сапаттуу, так аткаргандыгына ыраазы экендигин белгиледи.

Кадамжай РИИБдин жетекчилиги тарабынан милицияга колдоо көрсөткөн жеке ишкерге ыраазычылык каты тапшырылды. Тоолуу аймакта жайгашкан Р.Нийматов атындагы Айдаркен айылдык милиция бөлүмчөсү Бирлик, Алга айыл аймактарын башкача айтканда, 27 миң 500 калктын коопсуздугун тейлейт", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан