Баткенде селден зыянга учураган жерлерди калыбына келтирүүгө 40 жаран тартылды

Баткенде селден зыянга учураган жерлерди калыбына келтирүү иштерине жергиликтүү тургундардан 40 жаран тартылды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Айта кетсек, кечээ, 15-июнда кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандан Кадамжай районунун Охна, Бел айылдарында сел өтүүчү сайынан сел жүргөн. Жаандын кесепетинен бетон шакекче менен курулган 7 көпүрөнүн кум шагылдары бузулган. Ал эми Кадамжай-Айдаркен жолундагы унаалар өтүүчү көпүрөнүн жээги, ички чарбалык жол жана сай жээктери зыянга учураган.
Ошондой эле Ирилеш айылында 5 турак жайдын огородуна жана 1 турак-жайдын жер төлөсүнө сел суулары кирген.
Калыбына келтирүү иштери боюнча бүгүн жергиликтүү жашоочулардан 40 жаран, №46 Жол тейлөө ишканасынан 1 бирдик ХОВО жана 1 бирдик жүктөгүч техникасы иштеп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан