Cool Bro's тигүү фабрикасы продукцияларынын көп бөлүгүн Орусияга экспорттойт. Ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн ичинен Cool Bro's текстиль фабрикасы айына 250 миңден ашык кийим тигет.
Маалыматка ылайык, фабрикада жыл мезгилине ылайыкталып, ич кийимдер, футболкалар, майкалар жана башка кийимдердин түрлөрү өндүрүлөт.
Фабрикада 350дөн ашык адам жумуш орду менен камсыздалып, бардык бөлүмдөр заманбап техника менен жабдылган. Өндүрүштүн көп бөлүгү Орусия мамлекетине экспорттолот.
Белгилей кетсек, журналисттер ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында Чүй облусундагы текстиль жана тигүү фабрикаларынын иш-аракеттери менен таанышууда.