Венгриянын Будапешт шаарында скульптор Тамила Маматованын айкелдеринин көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көргөзмө Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналган.
Салтанаттуу ачылыш аземине айкелдердин автору, Венгриянын мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, дипломатиялык корпус жана бизнес чөйрөсү катышкан.
"Көрсөтүлгөн экспозициялар кыргыз элинин маданиятын жана каада-салтын чагылдырат. Көргөзмө 17-июнга чейин өтөт", - деп жазылат маалыматта.