Өлкөдө окуучулар мектепти эне тилди билбей эле бүтүп жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Шайлообек Атазов айтты.
"Мамлекеттик тилди билбеген окуучулар болуп жатат. "Эне тилин билбеген элин сүйүп жарытпайт" дейт. Эне тилди билбей чыккандарга басым жасап, мамлекеттик тилди билүү боюнча мектептерге көңүл бурсаңыз", - деп депутат билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевге кайрылды.
"Абдан жакшы сунуш, сөзсүз эске алабыз", - деп жооп берди министр.