Өлкөдөгү Жогорку окуу жайларга ректорлорду дайындоого республикалык комиссия түзүү пландалууда. Бул тууралуу билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
"Ректорду дайындап жатканда кайсы критерийлерге таянасыз? Сизге бирөөлөр сунуштайбы же өздөрү сизге чемодандары менен киришеби?", - деген суроо берди Шайлообек Атазов билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевге.
"Азыркыга чейин эч кандай чемодан кирген эмес, мындан кийин дагы чемодан кирбейт. Биз министрлер кабинетине критерийлерди сунуштап жатабыз. Ошонун эң негизги критерийи ректорго кандитат болчуларга республикалык деңгээлде комиссия болсун деп жатабыз", - деди Бейшеналиев.