Билим берүү министри депутатка: "1-июлда чоң жаңылык угасыздар"

Бишкектеги мектептердин директорлору өздөрүнүн туугандарын завуч кылып алып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Русланбек Жакышов айтты.

"Бишкек шаарын билесиз, мектептерде окуучулар көп. 960 орундуу мектепте 3 миң окуучу окуйт. Кээ бир мектептердин директорлору 10 жылдап, 20 жылдап директор болуп отурушат. Өзүнүн кызын, кудагыйын, таякесин завуч кылып, 12 завучтун 10у өзүнүн туугандары да. Ушулар жөнүндө маалыматыңыз барбы?", - деген суроо берди Русланбек Жакышов Алмазбек Бейшеналиевге.

Өз кезегинде министр бул тууралуу маалыматы бар экенин айтты.

"Сөзсүз маалыматым бар. Бишкек шаарынын билим берүүсүн мэрия жана Бишкектин билим берүү башкармалыгы жүргүзөт. Тилекке каршы, биз министрлик Бишкек шаары боюнча кийлигише албай жатабыз. Бирок бирдиктүү саясат жүргүзүү боюнча мен өлкө башчысына кайрылдым. Сиз айткан мүчүлүштүктөр боюнча 1-июлда чоң бир жаңылык угасыздар", - деди Бейшеналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан