Депутат: "Мектептерге улуттук баш кийим менен форма сунуштайбыз, баасы дагы арзан болот"

Өлкөдөгү мектептерге улуттук баш кийим менен форма кийүү мыйзамы жазылып жатат. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

"Мен бир мыйзамдарды жазып жатам. Ар бир биздин окуучу кыздарыбызга, балдарыбызга кыргыз улуттук баш кийими менен бирдиктүү форма кылып киргизгенге сунуштап жатам. Мыйзамды жазып жатам, талкуу да болот. Ушул маселени дагы карап койсоңуздар жакшы болот эле. Бүгүнкү күндө билесиз 2 миң, 3 миң сомго бир форма алат. Эгерде биздин баш кийимди киргизе турган болсок, бир топ эле арзан болот эле", - деди Икрамов.

Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев бул сунуш эске алынарын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан