Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевди эки кылмыш иши боюнча актады.
Маалыматка ылайык, "Атамбаев Түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берген" жана "Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген фактылар боюнча акталганы белгилүү болду.
Жактоочусунун айтымында, Атамбаев бул боюнча эч кандай комментарий берген эмес.