Тажикстандагы кыргыз элчиси Эмомали Рахмонго ишеним грамоталарын тапшырды

Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Эрлан Абдылдаев президент Эмомали Рахмонго ишеним грамоталарын тапшырды. Бул туурасында ТИМдин маалыматында жазылат.

Белгилүү болгондой, салтанат Душанбе шаарындагы Улуттар сарайында 10 чет мамлекеттин элчилеринин катышуусунда болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Эмомали Рахмон жаңы дайындалган элчилерди дипломатиялык ишмердүүлүктүн башталышы менен куттуктады. Ошону менен катар алардын үзүрлүү аракеттери өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүккө жаңы дем берерине ишенимин билдирген.

Эмомали Рахмон Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелерине өзүнчө токтолду. Ошондой эле ал өзүнүн жооптуу миссиясын аткарууда элчи Абдылдаев эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө ырааттуу күч-аракетин жумшаарына үмүт артты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан