Былтыр апрель айынын аягында Баткенде тажиктердин куралдуу кол салуусунан улам каза тапкан 36 жарандын эстелиги тургузулат. Бул туурасында Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов медиа өкүлдөрү үчүн уюштурулган маалыматтык турда билдирди.
Айтымында, азырынча эстеликтерди кайсы аймакка тургузуу такталууда.
"Былтыр апрель окуясында каза болгон жарандарыбыздын эстелигин тургузууну демилгелегенбиз. Азыркы тапта эстетиктерди Мадина шаарчасында же Баткен шаарынын кире беришинде курууну такташып жатабыз. Анткени каза болгондордун жакындары эстеликтерди шаарчанын аймагына эле куруп бергиле деп суранып жатышат", - деди мэр.