Быйыл окуу жылы 1-сентябрда башталат

Өлкөдө жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Буга чейин ата-энелер жана мугалимдер окуу жылынын жылдырылышы окуучулардын жетишкендиктеринин төмөндөшүнө, сабакка келбеген балдардын санынын көбөйүшүнө таасирин тийгизгенин айтып даттанышкан. Буга байланыштуу министрлик 2022-2023-окуу жылын 1-сентябрга жылдыруу маселесин карап жаткан.

Эске салсак, былтыр окуу жылы 15-сентябрда башталып, 9-июнда аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан