Кыргыз милициясы Росгвардия менен кызматташат

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Улуттук гвардиянын аскерлеринин федералдык кызматынын Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын иши менен таанышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Орусияга болгон иш сапарынын алкагында министр Улан Ниязбеков жана аны менен бирге барган ИИМдин өкүлдөрү Улуттук гвардиянын аскерлеринин федералдык кызматынын Москва шаары боюнча башкы башкармалыгына барышкан.

Анда имараттын материалдык-техникалык жабдуулары менен таанышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө полициянын генерал-лейтенанты Михаил Воробьев заманбап техникалык каражаттарды көрсөтүп, ар кандай бөлүктөрдүн аткарган тапшырмаларынын өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берген.

Ошондой эле жолугушууда билим берүү жана кадрларды даярдоо жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралган. ИИМдин башчысы биздин кызматкерлерди, аскер кызматчыларын, курсанттарды даярдоого жана кайра даярдоого, квалификациясын жогорулатууга кызыкдар экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан