
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Курбан-Кара айылындагы Савай каналына 23 жаштагы жаран чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалым болгондой, окуя 16-июнда катталып, ал 1999-жылы туулган М.С. аттуу жаран экени аныкталган.
Жерине Кара-Суу районунан 4 куткаруучу тартылып, издөө иштери жүргүзүлгөн. Кечээ издөө иши караңгы киргендигине байланыштуу токтотулган. Бүгүн издөө улантылат.