Биз социалдык тармакта

Ош шаарында көчөлөргө тротуарлар салынууда (фото)

Ош шаарында Төлөнов көчөсүн бойлой жолдун эки тарабына тротуар курулуп жатат. Шаардык мэриядан маалымдашкандай, жасалып жаткан тротуардын узундугу 850 метр, туурасы 3 метрди түзөт.
Учурда калаада Төлөнов көчөсүнүн Королев көчөсү менен кесилишинен Ишматов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө тротуар куруу иштери кызуу жүрүүдө.
"Жумушка 10дон ашык атайын техника жана Ош шаардык жолдор башкармалыгынан 15 жумушчу тартылган. Тротуар жергиликтүү бюджеттин эсебинен төшөлүп жатат. Жөө адамдар басуучу жолду июнь айынын аягына чейин бүткөрүү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.
Быйыл Ош шаарында жалпы 38 көчөгө тротуарларды куруу жана реконструкциялоо пландалган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан