"Мага ыңгайсыз". Хабиб Нурмагомедов өзүнүн атактуулугу жөнүндө билдирүү жасады

UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону, орусиялык атактуу мушкер Хабиб Нурмагомедов өзүнүн атактуулугу тууралуу билдирүү жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Мен дагы деле айылдык жигитмин. Айылдан кеттим, бирок менден айыл кеткен жок. Кээде өзүмдүн канчалык атактуу экенимди түшүнөм, бирок көп учурда ал жөнүндө ойлонбойм. Чынын айтсам, бул мен үчүн ыңгайсыздыкты жаратат. Анын көп терс жактары көп. Албетте, көп иштер менен алектене алам, бирок көпчүлүк учурда өзүмдү ыңгайсыз сезем. Анткени элдин көзү менде. Бардык жерде жана бардык учурда. Өзүмдү бөлмөмдө жана үйүмдө абдан эркин сезем. Качан гана үйдөн чыкканда өзүмдү эркин сезе албай калам. Жадакалса АКШ сыяктуу эркин өлкөдө жашап жатсам дагы", - деген ал.

Ошону менен катар ал мекенине болгон сезимдери менен бөлүшүп өткөн.

"АКШда же башка өлкөдө жашаймбы айырмасы жок. Ар дайым мекениме кайткым келет. Калифорнияда үй алып кимдин гана жашагысы келбейт. Бирок менин жүрөгүм Дагестанда", - деген мушкер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан