Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда бир нече турак үйдү, эгин талааларын сел каптады

Жалал-Абад облусунда мөндүр аралаш катуу жаан жаап, бир нече турак үйдү сел каптады. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аксы районунда 15-июнь күнү кечинде мөндүр аралаш катуу жааган жамгырдын натыйжасында Кош-Дөбө айыл аймагына караштуу Атана айылында 5 турак үйдүн короо-огородун, 2 времянканын ичин, 1 медресенин жер төлөсүн, дүкөндүн кампасын, көмүркананы жана Бай-Кыштак тилкесинде эгин талааларын, 1 турак үйдүн жер төлөөсүн каптап, времянканын дубалы урап түшкөн. Ошондой эле 2 гектар аянтка эгилген дарбызды сел суулар каптаган.

Жаңгак жана Торук айылдарында ички чарбалык жолдорду жана эгин талааларды, Жаңы-Торук айылында турак үйлөрдүн короолорун каптаган. Чие айылында 1 турак үйдүн жер төлөсүнө, 12 турак үйдүн короолорун, С.Амирахунов, М.Чыныбеков, К.Кожобеков көчөлөрүндөгү ички чарбалык жолдордун жалпы 1280 метр аралыгын сел суулары каптап, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жараткан. Ошондой эле Көкүм-Бий көчөсүндө каналдын 865 метр аралыгын кум шагылга толтуруп салган.

Зыянга учураган жерлерди калыбына келтирүү иштерине Аксы райондук ӨКБнын ыкчам тобу, 1 мотопомпа, райондук ЖК комиссиясы, Кош-Дөбө айыл аймагынан 5 кызматкер жана 18 жергиликтүү тургун тартылган.

Тартылган күч жана каражаттардын жардамы менен тактоо жана тазалоо иштери жүргүзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан