Бишкекте диний окуу борборлорунда эмгектенген кызматкерлерге экстремизмдин алдын алуу боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, семинар Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы диний окуу борборлорунда эмгектенген 50 айым кызматкерлерине өтүлдү. Анда Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террордук уюмдар жана экстремизмдин алдын алуу боюнча маалыматтар айтылды.
Мындан сырткары өткөрүлгөн тема боюнча катышуучулар тарабынан берилген суроолорго жооптор берилип, ИИМдин ЭММКАК тарабынан ар түрдүү темада даярдалган 250 буклет таратылды.
Семинарды ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы (ЭММКАК) Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен биргеликте өткөрүштү.