Бүгүн, 17-июндан тарта өлкө аймагында каттаган поезддерге жол акы кымбаттады. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Ага ылайык:
- Бишкек – Шопоков (Кант) - чоңдор үчүн 20 сом, балдар үчүн 6 сом;
- Бишкек – Кара-Балта (Токмок) - чоңдор үчүн 56 сом, балдар үчүн 20 сом;
- Бишкек – Балыкчы - чоңдор үчүн 150 сом , балдар үчүн 73 сом.
Эске салчу жагдай: 5 жашка чейин балдар үчүн жол акы алынбайт.
Маалымат үчүн: Акыркы жолу поезд жүргүнчүлөрү үчүн жол акы 2010-жылы өзгөргөн.