Акылбек Жапаров 2 ай мурда жардырган тоодогу магистралдык каналда курулуш иши кандай жүрүүдө? (видео)

Баткен облусунун Кадамжай шаарындагы магистралдык каналдын курулушу кызуу жүрүүдө. Азыркы тапта тоолорду жарып, ылдый түшүрүү менен ички чарбалык жол жана сугат каналы салынып, Каражантак конушу курулат. Жаңы түптөлө турган калктуу конуш Өзбекстан менен чектешкен жерге түшүрүлөт.

Учурда жол жана канал куруу иштери "Алга кадам" коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жатат. Аталган бирикменин төрагасы, "Алга кадам" долбоорунун жетекчиси Асанбай Пазылов жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу буларга токтолду.

"2 айдын ичинде 1 жарым чакырымды түзгөн тоолорду жардырдык. Бул жерде жол жана Алгакадам суу каналы түшөт. Долбоордун баасы 2 миллиард сомду түзөт. Анын 1 миллиард сомун жергиликтүү тургундар чыгарышты", - дейт ал.

Белгилей кетсек, апрель айында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда кырка тоону жардыруу орун алган. Алгакадам каналынын жалпы узундугу 27 миң 805 чакырымды түзсө, 4200 гектар жер өздөштүрүлөт.

Тоону жардыруу процесси
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан