Бишкектин базарларында эттин дүң баасы көтөрүлдү. Буга байланыштуу эттин базардагы бааларына кызыгып, "Ош базарында" эт саткан соодагерлерди кепке тарттык.
Алардын айтымында, акыркы жумада уй жана жылкы этинин дүң баасы 35-50 сомго кымбаттаган.
"Мурда уйдун этин 400 сомдон сатчубуз. Азыр 450-470 сомго чыкты. Айрым жерлерде 500-550 сомдон болуп жатыптыр. Ал эми жылкынын эти 35 сомго кымбаттады, учурда килограммы 460-480 сомдон сатылып жатат. Койдун эти мурунку эле баада, 500-550 сомдон болуп жатат.
Мал эти Өзбекстанга экспорттолуп жатыптыр, мындан улам эт кымбаттап жатат. Бийлик башындагылар бул маселени чечип беришсе жакшы болот эле", - деп билдиришти соодагерлер.