Айыл чарба министрлиги эттин баасы көтөрүлгөнү боюнча комментарий берди

Эттин баасы жасалма жол менен көтөрүлгөн. Бул боюнча Айыл чарба министрлигинин тамак-аш коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Данияр Жанузаков маалымат жыйында билдирди.

"Интернет булактарына чыккан эттин баалары боюнча шаардыгы базарларды, соода түйүндөрүн кыдырып чыктык. Кээ бир соода түйүндөрүндө гана эттин баалары жогорулаган. Алар этти түргө (кабырга эт, сулп эт) бөлүп сатышат.

Мисалы, мурунку баа менен "Азиз" базарында бодо малдын эти 490 сом, "Ак-Эмир" базарында 500-520 сом, "Орто-Сай" базарында 530-550 сомдун тегерегинде турат.

Этти экспортко кетирип, баалар кымбаттады деген туура эмес. Анткени министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, март айында этти экспорттоого убактылуу, тагыраагы 6 айга чектөө киргизилген.

Андан тышкары эт экспортко кетип, баалар дагы көтөрүлөт дегенге кошулбайбыз. Өзүбүз барып көрүп чыктык. Дагы бир фактор азыр жай мезгили малдын баары жайлоого кетип жатат.

Бодо мал экспортко чыгып жатат. Аны эч ким токтоткон жок. Бирок эт сыртка ташылган жок. Бааларды жасалма жол менен көтөрүп жатышат. Бул этти жеткирүүчүлөрдөн көз каранды", - деп билдирди ал.

Буга чейин Бишкек шаарында акыркы күндөрү эттин баасы көтөрүлдү деген маалыматтар тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан