Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары Улук-Бек Бектурганов үй камагына чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, мындай чечимди бүгүн Бишкек шаардык соту кабыл алган.
Улук-Бек Бектурганов 2-июнда COVID-19га каршы вакцина сатып алууда орун алган коррупция фактысы боюнча кармалган. Анын баш коргоо чарасы 4-июнда каралып, УКМК СИЗОсуна 2-августка чейин камакта калтырылган.