Иркутск шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылды

Орусиянын Иркутск шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Иркутск-Бишкек-Иркутск багыты боюнча жаңы туруктуу авивакаттам ачылды. Аталган багыт боюнча авиакаттамдарды "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы аткарат.
Ал эми кечээ, 16-июнда Бишкекке биринчи каттам менен 96 жүргүнчү учуп келди.
Каттам жумасына 2 жолу – дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү аткарылат. Учуунун убактысы 4 саат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан