Ош облусунун Кара-Суу районунун Загара жайлоосундагы көмүр казуучу ишкана жер кыртышын бузуп жол салды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-июнда министрликке Папан айыл өкмөтүнүн Кара-Кур жана Кожо-Келең айылдарынын тургундарынын атынан арыз түшкөн. Анда "Мега-Коал" ЖЧКсы Загара жайлоосунда тоо боорунун жер кыртышын мыйзамсыз бузгандыгы тууралуу жазышкан.
"Мега-Коал" ЖЧКсы Загара жайлоосундагы көмүр казуучу жайга чейин узундугу 1 чакырым 900 метрдей, туурасы 4 метрден 5 метрге жакын жолду мыйзамсыз салган. Жогорудагы аймактагы жолду казууда жер кыртышынын асылдуу болгон катмарлары бузулган.
Ошол эле учурда бул тилкеде мурда жүк ташуучу жол болгондугун белгилеп кетүү маанилүү, бирок алар кошумча жол салышкан", - деп жазылат маалыматта.
Министрликтин өкүлдөрү тарабынан талкаланган жайыт аянтын тез арада калыбына келтирүү боюнча буйруктар жөнөтүлүп, топтолгон материалдар Кара-Суу райондук прокуратурасына тапшырылып берилди.