Бишкектин четиндеги Ак-Ордо жаңы кошунунун Айкөл Манас көчөсүндө жайгашкан 7 тургундун жер тилкеси талаш жаратып, 14-июнда аталган жерде милиция кызматкерлеринин катышуусунда ызы-чуу чыккан. Анда аталган 7 тургун 2016-жылы Чынара Осмоналиева аттуу аялдан жер тилкелерин сатып алып, үй салып башташкан.
2019-жылы жашоочулар үй салып, свет, суу маселесин чечип алышкандан кийин Тамара Молдобаева аттуу аял келип, аталган жер ага караштуу экенин айтып бул иш сотко өткөн. Кийинчерээк Жогорку Сот жер Тамара Молдобаевага караштуу экенин аныктап, чечим чыгарган. Андан соң күч органдары аталган жердеги үйлөрдү бузууга келишкенде интернетке желдей тараган ызы-чуу чыккан.
SUPER.KG порталы дагы аталган окуянын чоо-жайын чагылдыруу үчүн жерине барып, 7 үй-бүлөгө жана Тамара Молдобаевга жолугуп, ар биринин өз чындыгын угуп кайтты.
Толугу менен видеодон көрүңүз.
?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>