Жеңил унаалардын айнектерин караңгылатууга уруксат берүүнү каттоо процедурасы башталган.
ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, унаанын терезелерин караңгылатууга уруксат берүүнү каттоого жарым саат гана убакыт кетет.
Уруксатты каттоого ниеттенген бардык адамдар транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк жана паспорт менен Ички иштер министрлигинин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин каалаган аймактык каттоо бөлүмүнө же секторуна кайрылса болот.
Уруксат берүүнүн наркы:
- жеке адамдар үчүн - 80 миң сомду,
- юридикалык жактар үчүн - 100 миң сомду,
- резидент эместер үчүн 120 миң сомду түзөт.
Уруксат бир жылдык мөөнөткө берилет.
Каттоо үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
1) транспорт каражатынын ээсинин өздүгүн күбөлөндүргөн документ же транспорт каражатынын ээсинин атынан талаптагыдай таризделген ишеним кат;
2) ушул ээсине таандык болгондугун далилдеген транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк;
3) юридикалык жактарга таандык жеңил транспорт каражатынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат алган укугуна ишеним кат (юридикалык жактын жетекчисинен талап кылынбайт) жана ишеним кат берилген адамдын өздүгүн далилдеген документ;
4) транспорт каражатынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксатты каттоо үчүн акысын төлөгөндүгүн далилдеген документ.
Төмөнкү негиздер боюнча уруксатты каттоодон баш тартылышы мүмкүн:
- транспорт каражат мүлкүнө карата салык боюнча карыз болгондо;
- фото жана тасма тартуу, видео жазуу функциялары бар, сертификацияланган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттар менен автоматтык режиминде жазылып алынган бузуулар үчүн тууму жана айып пул боюнча транспорт каражатынын ээсинин карыздары жөнүндө маалыматтар бар болсо;
- мүлккө камак салуу же мүлккө чектөө коюу жөнүндө чечим бар болгондо.