Биз социалдык тармакта

Бишкектеги Чоң Чүй каналынан 37 жаштагы аялды издөө иштери жүрүүдө

Бишкек шаарындагы Чоң Чүй каналынан 37 жаштагы аялды издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Буга чейин ушул жылдын 12-июнь күнү Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Элебесов көчөсүнүн тушунда Чоң Чүй каналына 1985-жылы туулган аял киши чөгүп кеткени тууралуу кабарланган.
Бүгүн, 17-июнда Чоң Чүй каналынан издөө иштерин жүргүзүүгө Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4, Сокулук райондук №23 ӨКБдан 4, Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 4, жалпы 12 куткаруучу тартылды.
Издөөнүн жыйынтыктары жөнүндө кошумча маалымат берилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан