Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин аталган кызматты Арзыбек Кожошев аркалап келген.