Кеминде милиция кызматкерлери тургундарга мал уурулуктун алдын алуу жолдорун үйрөтүүдө

Кемин районунда милиция кызматкерлери жашоочуларга мал уурулуктун алдын алуунун жолдорун үйрөтүшүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, элдин жашоо-шартына терс таасирин тийгизген кылмыштардын, анын ичинде уурулук, мал уурулук сыяктуу кылмыштардын алдын алуу, бетин ачуу жана бөгөт коюу максатында учурда Кемин районунун аймагында бир катар иштер аткарылууда.

Милиция кызматкерлери жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, малдарын кароосуз калтырбоо, түн ичинде талааларга таштабоо жана сактык эрежелерин сактап, короолорунун эшиктерин бекемдөө керектигин эскертишкен.

Андан сырткары жайлоого милициянын көчмө кабылдамасы менен барышкан тартип сакчылары жазында жайлоого чыгып кеткен жарандар менен дагы жолугушуп, узак убакытка малды тоого таштап кетпөө, өз убагында көзөмөлдөп туруу керектигин айтышты. Эң башкысы мал уурулугу катталган учурда убакытты текке кетирип өз алдынча издебестен, тез ара милициянын аймактык тескөөчүлөрүнө же жергиликтүү милиция бөлүмүнө кайрылуу керектигин айтышты.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан