реклама
super.kg logo

Кыздардын чет өлкөгө чыгышына чектөө сунушу: Коомчулук эмне дейт?

 

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов 9-июнда парламентте 18-20 жаштагы кыздарды чет өлкөгө ата-энесинин коштоосу менен же турмушка чыккандан кийин гана жиберүү керектигин сунуштаган. Социалдык тармактарда эл өкүлүнүн бул демилгеси катуу сынга алынып, коомчулукта талкууну кызытты.

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева Govori.TV'га берген маегинде Атазовдун бул демилгеси популисттик чечим болгонун айтып, депутаттын бул аракетин “элге жагынуу” деп сынга алды.

“Шайлообек Атазовду эл өкүлү катары сыйлайм, бирок бул сунушуна каршымын. Кыз болобу, уул болобу, жалпы адамдардын укугун чектебеш керек. Мамлекет тарабынан билим алууга, жумуш менен камсыздоого 100 пайыз шарт түзүлүп берилсе, анда бул башка маселе. Кыздарыбыз да, уулдарыбыз да жакшы турмуштан улам мигрант болуп чет өлкөгө кеткен жок.

Өткөн аптада чет өлкөдө диаспора жетекчилери менен жолуктук. Анда кыздар тууралуу эмес, тескерисинче Кыргызстандан Орусияга барган уулдарыбызды тарбиялоо суранычы болду. Биздин кесиптештер гендер же зордук-зомбулук маселесин көтөргөндө аялдарды күнөөлөшөт. Эмнеге аларды сабаган эркектерди сынга алышпайт?”, - деди ал.

Модель Бегимай Карыбекова ийгиликтүү кыздар акчасы жок, өнүкпөгөн эркектерге сойкудай көрүнөрүн айтып, кыздарды өз укугун коргоого чакырды. Ал мындай пикирин Инстаграмдагы баракчасында калтырган.

"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Кудрет Тайчабаров Атазовдун бул демилгесин колдобой тургандыгын, бирок ата-энелер кыздарын катуу көзөмөлгө алышы керектигин Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Бул демилгени илгери эле Ыргал Кадыралиева сунуш кылган. Ал жыргаганынан сунуш кылган эмес. Москвада кыргыз кыздары сойку болуп иштей баштаганын көрүп, Түркияда иштеген кыздардын 30 пайызы сойку болуп жатканын угуп ушундай мыйзам сунуш кылган. Андыктан, Атазов жаңылык кылган жок, аны баатыр кылбагыла” - деп жазган ал.

Депутаттын аталган сунушу боюнча жогорку окуу жайларда окуп жаткан студенттер кандай пикирде?

Римма Сталбек кызы, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 4-курсунун студенти:

"Депутаттын кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна чектөөлөрдү киргизүү сунушуна кошула албайм. Чет өлкөгө чыгып, билим алып, дүйнө таанымын кеңейткендин эмнеси жаман? Баарыбыз билгендей эле, биздин кыздар чет өлкөдө билим алып, иштеп, ата-энесине жардам бергенин, өз күчү менен чоң компанияларда эмгектенгенин жакшы эле билебиз. Чет өлкөгө чыккан кыздардын баары бузулат дегени чындыкка дал келбейт. Бузулгусу келген кыздар чет өлкө дебей эле өз өлкөсүнөн деле бузулат. Андыктан кыздарга чек койгонду эмес, шарт түзгөндү ойлонуштурса болмок экен урматтуу эл өкүлү", - дейт ал.

Нооруз Камбарбеков, Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти:

“Мен Шайлообек Атазовдун демилгесин колдойм. Азыр чет жакка чыккан ар бир кыргыздын кызы коркунучта турат. Дипломатиялык кызматташтык боюнча коргоо укугу берилгени менен биздин кыздар ар кандай жерге иштегенге барат, анын баарын көзөмөлдөп туруу биздин бийлик үчүн өтө кыйын. Учурда кыздарды жалгыз чет жакка чыгарбаш керек. Атазов өтө чоң маселени көтөрүп чыккан. Бир кыргыз жигити кыргыздын кызын коргоп, сыйлап карай албаса чет жердеги элге ишенип кайдан. Тагдыр тайгалак ташы менен атып, баскан сайын мүдүрүлүп алдыга жылбай турган заманда адамдар да ач карышкыр, түлкүдөн да куу болуп калган учурда кантип өзүбүздүн кыздарды жалгыз чет өлкөгө чыгарууга болот...

Ал эми жалгыз бой, атасы же бир тууган ага-инилери жок, күйөөсүнөн эрте ажыраган айымдар тууралуу айтсам, алар мамлекет тарабынан жумуш орду менен камсыздалып, аларга акча бөлүнүп берилиши керек. Биздин мамлекет ушундай учурда айымдарды колдоп, жардам көрсөтө албагыдай күчү жок эмес да. Ар бир эркек беш сомдон чогултуп берсе эле жыл сайын ошол акчага мүмкүнчүлүгү жок кыз-келиндерди багып койсо болот. Ушундай бир тууган ага-инилери жок, жардамга муктаж кыз-келиндер чет жакка чыгып, алардын канчасы зордук-зомбулук көрүп, кор болуп жатышат. Бирөөсү короо шыпырып, бирөөсү базарда отурат. Андыктан бул маселени ар бир кыргыз туура жагынан карап, колдоо керек”, - деген студент.

Атира Мамытбекова, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 4-курсунун студенти:

"Атазовдун айтканын туура деп эсептейм, бирок сунушту 15-20 жылдан кийин айтса болмок. Анткени Кыргызстандын азыркы шарттары бул демилгеге туура келбейт. Учурда эл өкүлү кыздардын жолун чектөөнү эмес, аз акчага иштебейм деп жалкоолонуп үйдө жаткан эркектер тууралуу сөз кылса туура болмок. Чет өлкөгө кеткен кыздардын көбү ойногону эмес, көр оокаттын айынан, атасы, бир тууган ага-инилери иштебей жатканынан же ар кандай үй-бүлөлүк көйгөйлөрдөн улам кетип жатат. Эгерде эркектер кыз-келиндерди бардык жагынан кымсыз кылып коюп, андан кийин чектөө коюшса анда ал башка кеп болмок. Кыздар жалпы адамзаттын, өлкөнүн, улуттун, үй-бүлөнүн ар намысы", - деп билдирди Мамытбекова.

Бегайым Курманбекова, Түркиядагы Нигде Өмер Халисдемир университетинин студенти:

"Депутаттын бул сунушуна кошулбайм. Анткени биз, кыздар чет өлкөгө барып билим алып, өзүбүздү ар тараптан өнүктүрүүгө салым кошуп жатабыз. Ал жактан билим алып келип Кыргызстандын да өнүгүшүнө өз салымыбызды кошобуз деп айтсам болот. Менин оюмча, депутаттар биздин укуктарды чектөөдөн мурун коомчулукта кыздарга зордук-зомбулук жасаган адамдарга каршы дагы кандай жакшыраак мыйзамдарды, дагы кандай жазаларды тапсак болот деп ойлонушса жакшы болмок. Анткени көйгөйдүн өзөгү кыздардын чет өлкөдө окугандыгында эмес, дал ошол кылмышкерлерге тиешелүү жаза берилбегендигинде. Биз чет өлкөгө чыгып эч кандай жамандык көргөн жокпуз, тескерисинче өзүбүздү өнүктүрүп жатабыз. Кыздардын билим алуусу өтө маанилүү. Анткени келечекте кыздар бала тарбиялайт. Эгер кыз өзүн өнүктүрүп, жакшы билим алган болсо, анда анын үй-бүлөсү да ошондой болот. Андыктан кыздардын чет өлкөгө чыгуусун, деги эле укуктарын чектөөдөн мурун коомчулукта болгон көйгөйлүү маселелерди ойлонсо жакшы болмок", - дейт Түркиядагы кыргыз студенти.

Эске салсак, депутаттын сунушунан кийин, атап айтканда 15-июнда Атазовдун мандатынын тапшырышын талап кылгандар нааразычылык акциясына чыгышкан.

Андан соң Атазов өз дарегине айтылып жаткан сын-пикирлер боюнча үн катып, бул демилге чет жактагы мекендештердин ага жазган кайрылуусу экендигин билдирди. Бул туурасында депутат Фейсбук баракчасына жазып чыккан.

"Биздин мыйзамга ылайык, 18 жаш бойго жеткен курак деп эсептелүүдө. Ошол эле учурда ал жаш куракта чет өлкөгө чыккан жаштар кордолуп калууда, коопсуздукту камсыздоо жок болуп жатат. Учурда өнүккөн мамлекеттерде 21 жаштан жашы жетти деп саналат. Келечекте биз да бул нерсени ойлонушубуз керек экен.

Мен бардык аялзатынын укуктарын сыйлайм. Менин да чоң апаларым, апам, эже-карындаштарым, жубайым, кыздарым бар", - деп жазган ал.


кошулду



aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(19)
17.06.2022. 22:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
417
Катталган:
12-10-2021
Соӊку аракети:
07-07-2022 15:22
Жынысы:
Белгисиз
-6
Депутаттын Айтканы Эмес Башкача Айтканда Адамдын эмес. жараткандын Закону Кудайдын Айтканы ошол болот . маймыл болобу ит болобу кыз болобу эркек болобу үйдөн чыксаң сапарга мусапыр болуп эсептелет үйдөн эркек болобу Ургачы кой болобу кызбы катынбы Айырма жок. Барысы бир тууган менен же ата энең менен кошо жүрүш керек болот. бул милдет ага каршы чыккандар Кудайдан коркпогондор жана кудай менен иши жоктор болот Чындыгында Кудай Алар менен деле иши жок. Аллахым Ошон үчүн момундарды сүйөм дейт!
18.06.2022. 01:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
129
Катталган:
11-09-2021
Соӊку аракети:
06-07-2022 19:50
Жынысы:
Белгисиз
+3
Fernando_Torres,Афганистанга барып жашачы
18.06.2022. 10:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
808
Катталган:
04-09-2021
Соӊку аракети:
24-06-2022 13:22
Жынысы:
Белгисиз
-4
Fernando_Torres,

Кыздар депутаттардын менчик буюму эмес.

Колдон келсе кыз-балдар чет өлкөгө чыгып окуп, билим алып, иштеш керек, анткени азыркы чимкирик депутаттар, жаштарга эч бир заманюбап шарт түзүп бере алышпайт.

Кыздарды коюп Баткендин чек арасына туруп, таджиктерге кыйын болбойсуңарбы ары жоктор, анте албайсыңар
alimbek94 түзөттү 2022-06-18 10:41:03
17.06.2022. 22:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
31-10-2020
Соӊку аракети:
04-07-2022 23:23
Жынысы:
Белгисиз
+16
Элмира Сурабалдиева жана башка айымдар Ш.Атазовдун сөзүн түшүнбөй калды же бурмалап жатат.18 жашка чейинки кыздар балагатка жете элек жаш кыздар болот.Ошолор жөнүндө сөз болуп жатат.Окуган кыздар жөнүндө сөз болгон жок.Билим алгандарга каршы эмеспиз.Кыздарды сактагыла дейсинер,анан кайра ушинтип тетири сүйлөйсүнөр.Өзү аялдар көп нерсеге акылы жетпейт окшойт.
17.06.2022. 23:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
18-08-2019
Соӊку аракети:
06-07-2022 21:48
Жынысы:
Белгисиз
+16
Атазов туура эле демилге которду. Калп эле ардана бербеш керек. Аял затынын жанында эркек болсо, жакшы да. Отуруп алып ар нерсени айтышат. Жалпы эле аял затын,кыздарыбызды,коргойлу деп жатат эмнеси жаман.
17.06.2022. 23:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
333
Катталган:
29-09-2020
Соӊку аракети:
07-07-2022 15:10
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыргызстандын тагдырына НПОлор мурдун тыкбай эле коюшсун
Azat-123 түзөттү 2022-06-17 23:39:22
17.06.2022. 23:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
808
Катталган:
04-09-2021
Соӊку аракети:
24-06-2022 13:22
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кыздарга, эркектерге мыкты шарт түзүп беришсе эч ким чет өлкөгө көчүп кетпейт эле.
Үй бүлөсү менен чет өлкөгө көчүп кетүү аргасыздык, билим алууга кеткендер андан көп.

17.06.2022. 23:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
808
Катталган:
04-09-2021
Соӊку аракети:
24-06-2022 13:22
Жынысы:
Белгисиз
-9
Кыздар депутаттардын менчиги эмес.

Азыр миңдеген кыздар чет өлкөдө билим алып, иштеп, ата энелерине, бир туүгандарына, дары дарымекке жардам берип жаткардар жүз миңдеп саналат.Болбосо алардын курсагын депутаттар тойгузмак беле

Эттин баасын арзандатып алгылачы, кыздарды коюп
alimbek94 түзөттү 2022-06-18 00:24:32
18.06.2022. 00:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
554
Катталган:
14-02-2015
Соӊку аракети:
07-07-2022 06:09
Жынысы:
Белгисиз
+11
Үчүнчү жыл Турциядамын бул жакта жапжаш кыргыз кыздар түрктөр менен жетелешип, сигарет чегип, ичип,уялбайт эч кимден, ата энелери иштеп жатат, окуп жатат деп жүрөт
18.06.2022. 01:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
532
Катталган:
10-07-2017
Соӊку аракети:
07-07-2022 13:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
World
+6
make2, Оруссияда жургондой,тартипке салгыла! Кыргыздын кыздарын, агасы, тууганы жок болсо. Айтып тушундуруп коргуло. Болбосо башкача чара коруу керек. Тасма чыгаруу керек. Озун жана уй булосун,Кыргыз Элин уят кылбасын.
bosmos77777 түзөттү 2022-06-18 01:04:26
18.06.2022. 00:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
129
Катталган:
11-09-2021
Соӊку аракети:
06-07-2022 19:50
Жынысы:
Белгисиз
+9
Тоо десе бээ деген Эл экенбиз балакатга жетпеген кыздарды айтты депутат кыргызча билесинерби ОЗУ 18-кыздарды айтып жатат мен колдойм озум Москвадамын жаш кыздарды коруп аттин ай дейм боорум ооруйт аа эркектер пусть чыгып иштешсин эркек уй було багууга милдеттуу
18.06.2022. 01:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
532
Катталган:
10-07-2017
Соӊку аракети:
07-07-2022 13:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
World
-4
Менимче Кыргыз жеринде " Ишкана,мекемелер курулбаса, иш орду менен камсыздай турган. Бору Жапыров бир куну "Тышка иштеп аткандарга,онор уйротконубуздо. МамКазынага 8млд$ тушмок деп кейип жатат. Кыргыз Ак уй курат,тууган,кууда соокту,жердешти жакшы кызматка.Дайындайт. Билим беруу,ден соолукту кароо.Акча. Тамак аш Озубуздо ондурулгону менен кымбат.Араб дини олум,тозок,акыры заман менен келе жатат. Оор кыскасы. Иштесин кыздар.Ойносун,башка дуйнону корсун. КРде жалан жетишпестик,талап
18.06.2022. 01:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
532
Катталган:
10-07-2017
Соӊку аракети:
07-07-2022 13:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
World
-5
Кыргыз мамлекети биринчи билим берууну,ден соолукту кароо" бекер" жэ арзан болсун.Аял кишиге билим керек.Дин менен эртеге аба ырайы бузулса жэ начар тарбиядаагы инсандарды коруп эле. Акыры заман деп.Карангылыкта жашоо болбойт.Кичи жана орто жеке ишкерлерди колдоо керек.Айыл чарба азыктарын таза онуктуруу керек. Озубузго жана сыртка чыгаруу керек.Кайра иштетунууну колго,алуу керек.Аял кишлерге жолок пулду которуу керек.
18.06.2022. 01:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1538
Катталган:
23-09-2015
Соӊку аракети:
07-07-2022 14:09
Жынысы:
Белгисиз
+4
Колдойм
18.06.2022. 08:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
595
Катталган:
11-10-2013
Соӊку аракети:
06-07-2022 14:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Аксы
+5
Атазовдун демилгесинде жан бар.Колдойт элем мен.Москвада жаш кыздардын жургонун коруп зээнип кейиди.2002-жылы туулган кыз ото жаман иш менен алектенип журот экен.
18.06.2022. 09:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
16-05-2017
Соӊку аракети:
07-07-2022 11:52
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жаш кыздар эле эмес, жашы отуп калган аялдар деле,эркектер деле бузулушту. Бирок чектоо киргизген туура эмес деп ойлойм.
18.06.2022. 10:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
733
Катталган:
21-07-2014
Соӊку аракети:
07-07-2022 14:44
Жынысы:
Белгисиз
+4
Колдош керек НПОчулар акча десе бир жерин бергендер. Калп эле демократияга жамынып алышкан. Биздин өзүбүздүн жакшынакай каада-салтыбыз бар.
18.06.2022. 10:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
265
Катталган:
23-05-2015
Соӊку аракети:
07-07-2022 14:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу Ош
+2
Эльвира Сурабалдиева депутат болуп туруп ушул элементарный созго тушунбосо анда эмне иштеп журот, Атазов 18-20 жашта кыздар чыкпасын жеп атат чын эле да андан чондору келип иштей беришет акылы биз аз токтолуп калган кыздар. Ал эми окууга болсо мамлекеттен уруксат алып келе беришет эч ким тыйбайт
18.06.2022. 10:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1589
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
06-07-2022 22:36
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туура эле маселе окууга барса жиберсе болот,иштегени жашы жете элек кыздарга эркек бала деле иштегени бир кесиби жок тил билбей барса кор болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
192821;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: