Ак Үйдүн алдында кыздардын укуктарын корголушун талап кылгандар нааразычылык акциясына чыгышты. Анда чыккандар депутат Шайлообек Атазовдун 18 жаштагы кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна айрым чектөөлөрдү киргизүү сунушун сынга алып, каршы пикирлерин айтышууда.
Акцияга чыккандар "Эркин айым өнүккөн өлкө", "Атазов, кыздардын укуктарынан колуңду тарт!", "Кыздардын укуктарына тийбегиле!" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушат.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов 18 жаштагы кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна айрым чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Тагыраагы, эл өкүлү 9-июнда парламентте миграция маселесин көтөрүп, кыздарды чет өлкөгө ата-энелердин коштоосунда жиберүү керек экендигин билдирген.