Акылбек Жапаров "Сбербанк" жана "Газпромдун" жетекчилери менен жолукту. Эмне маселе талкууланды?

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форумдун алкагында "Сбербанк России" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Герман Греф менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысынын "Газпромбанк" акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алексей Матвеев менен дагы жолугушуусу өткөн.

Анда Финансы министрлиги менен “Газпромбанк” акционердик коомунун ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган.

Тараптар финансы институттары ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, акча-кредит саясаты маселелери боюнча тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан