Бүгүн, 2-декабрда Ош облусундагы Өзгөн районунун айрым айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Ош электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.
Электр жарыгын өчүрүү эртең мененки саат 08:00дөн кечки саат 17:00гө чейин улантылат. Аталган ишкананын оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Өзгөн районунун Мырзаке, Кандава жана Өзгөн шаарында бүгүн убактылуу электр жарыгы берилбейт.