Талант Мамытов Валентина Шевченко менен жолугушту (фото)

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченкону кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууга мушкердин энеси Елена Шевченко, машыктыруучусу Павел Федотов, Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр-таймаш федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев жана вице-президенти Эмил Токтогонов катышкан.

Төрага Талант Мамытов Валентина Шевченкону акыркы ийгиликтери менен куттуктап, спорт аркылуу Кыргызстанды таанытып келе жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирген.

“Ар бир жеңишиңиз биз үчүн сыймык. Айрыкча жаш спортчулар сизден үлгү алып, өлкөсүн даңазалоого шыктангандыгы бизди кубандырат”, – деген Мамытов.

Ошондой эле мушкерге төраганын энчилүү саатын тапшырган.

Муну менен катар Талант Мамытов спорт чеберинин энеси Елена Шевченко менен машыктыруучусу Павел Федотовго да ийгиликтерди каалап: “Сиздер дайыма кыргыздын сыймыгы болгон кыздарыбызды ар тараптуу колдоп, алардын жеңиштерге карай умтулуусуна түрткү берип келесиздер”,– деп кошумчалаган.

12-июнда Сингапурда өтүп жаткан "UFC 275" турниринде кыргыз мушкери Валентина Шевченко жетинчи жолу чемпиондук наамын коргогон. Ал бул беттеште бразилиялык Таила Сантос аттуу мушкер менен кез келип, калыстардын чечими менен жеңүүчү аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан