"Айдоочу качып кеткен". Орусияда Кыргыз жаранын унаа сүзүп кетип каза болду

Орусиянын Ленинград облусунда Кыргыз жаранын унаа сүзүп кетип каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, кырсык 16-июнь күнү болгон. Анда Всеволожск шаарында 1980-жылы туулган Е.Р.С аттуу айдоочу О.А.Д. аттуу Кыргыз жаранын унаасы менен сүзүп, андан соң жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен. Натыйжада Кыргыз жараны алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болгон.

"Учурда айдоочуга карата кылмыш иши козголуп, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.
Бул маселе Санкт-Петербург шаарындагы элчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө болуп, каза болгон Кыргыз жаранынын сөөгүн репатриациялоого керектүү жардамдар көрсөтүлүүдө", - деп жазылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан