Кытайдын Шанхай шаарындагы заводдо катуу жарылуу болду (видео)

Кытайдын Шанхай шаарындагы этиленгликолду чыгаруучу мунай-химиялык заводдо катуу жарылуу болуп, натыйжада өрт чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өрт жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:28де башталган. Социалдык тармактарда өрттүн видеосу пайда болуп, анда чоң жалынды жана кара түтүндүн асманды каптаганын көрүүгө болот.

Жарылуудан бир адам каза болуп, компаниянын дагы бир кызматкери жаракат алган. Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан